Орусиядан Өзбекстанга вакциналардын алгачкы партиясы (100 000 доза) быйыл апрелде жеткирилген. Андан соң июнда 140 миң, 5-июлда дагы 40 миң доза келген.
Муну менен Өзбекстанда «Спутник V» вакцинасынын жалпы запасы 370 миң дозага жетти.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө өлкөдө вакцинанын жалпы запасы 7 миллион 530 миң дозаны түзөт. Алардын ичинен 660 миң доза британиялык AstraZeneca жана 6,5 миллион доза өзбек-кытай өндүрүшүндөгү ZF-UZ-VAC2001 вакцинасы.