Ссылки доступа

Казакстанда каттоодон өтпөгөн партиянын активисти тергөө абагында ачкачылык жарыялады


Казакстанда 14-июлда административдик камакка алынган активист Абзал Достияров тергөө абагында ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу Демократиялык партия түзүү боюнча демилгелүү топтун лидери Жанболат Мамай "Фейсбук" баракчасындагы түз эфирде билдирди.

Мамай түз эфирде Достияровдун билдирүүсүн окуп берди. Анда "14-июлда полиция кызматкерлери катаал мамиле кылып, катуу сабашты. Мындан тышкары тергөө абагында басымга жана коркутууларга кабылдым. Эч кандай медициналык жардам көрсөтүлгөн жок. Түрмө жетекчилиги менен нөөмөттөгү прокурорго нааразылык катары 15-июлдан тарта ачкачылык жарыялай турганымды эскерттим", — деп жазылган.

6-июлда Алматыда нааразылык акциясына чыккан активисттер Абзал Достияров менен Алимжан Избасаров 14-июлда "майда бейбаштык" беренеси боюнча айыптуу деп табылып, алты суткага камакка алынган.

Алматы полициясы активисттер митинг учурунда атайын бөлүктүн кызматкерлерине акарат келтиргенин билдирди. Достияров менен Избасаровдун тарапташтары буга макул эмес. Алар полициянын атайын бөлүгү нааразылыкка чыккандардын укугун бузуп, "кеттлинг" ыкмасын колдонуп, акцияга катышкандарды дээрлик он саат курчап турганын билдиришүүдө.

6-июлда Алматыда ондогон киши өкмөткө каршы нааразылык акциясына чыгышкан. Бул күнү өлкөдө Борбор шаардын күнү менен катар өлкөнүн экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин туулган күнү да белгиленген. Нааразылык акциянын катышуучулары өкмөттүн саясатына, өлкө экономикасындагы Кытайдын таасиринин күчөп жатышына жана баалардын жогорулашына каршы пикирлерин айтып, "Назарбаев, кет!", "Өкмөт отставкага кетсин!" деп кыйкырышкан.

XS
SM
MD
LG