Ссылки доступа

Казакстанда абактагы саясий туткун өзүнө кол салып, ага операция жасалды


Кызылордадагы колонияда жазасын өтөп жаткан “саясий туткун” Ержан Елшибаев каршылык иретинде өзүн жаракаттандырды. 16-июлга караган түнү ооруканада анын ашказанына операция жасалды. Бул тууралуу кызылордалык активисттер кабарлады.

Активист Мурат Баймагамбетовдун айтымында, өткөн айдын соңунда түрмө жетекчилиги Елшибаевди “бурбарак” деп аталган шарты катаал баракка колония режимин бузду деген айып менен камаган. Буга нааразылык иретинде ал өзүнө кол алган.

Маалыматка караганда, аны менен бирге дагы бир соттолуучу түрмө жетекчилигинин мыйзамсыз аракетине каршы өзүнө кол салган. Азыр алардын жагдайы белгисиз.

Бир апта мурун да Елшибаев дисциплинардык изоляторго кирүүгө каршы болуп, колун кескен. 15-июлда сот аны мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотуудан баш тарткан.

Ержан Елшибаев 2019-жылы февраль жана март айларында Жаңы-Өзөн шаарында өткөн демонстрациялардын башында турган. Ал Маңгыстау облусундагы жумушсуздук маселесин көтөрүп чыккан. Анда акимчилик алдына чогулган жарандар ал кездеги өлкө президенти Нурсултан Назарбаевге видеокайрылуу жасап, аны коррупцияга жана мамлекеттик бюджетти натыйжасыз башкарууга айыпташкан.

24-мартта активист "эки жыл мурдагы окуя боюнча сүйлөшүү үчүн" полиция бөлүмүнө чакырылып, эки күндөн кийин камакка алынган.

2019-жылы октябрда Жаңы-Өзөн шаардык соту Ержан Елшибаевди беш жылга эркинен ажыраткан. Сот аны 2017-жылкы тополоңдо кимдир бирөөнүн ден соолугуна олуттуу залал келтирген деген жүйө менен айыптуу деп тапкан. Елшибаев өзү жана анын тарапташтары бул айыптоолорду четке кагып, айыптоодо саясий мүдөө бар экенин айтышкан. Ошол эле жылы августта казакстандык укук коргоочулар Елшибаевди "саясий туткундардын" тизмесине киргизишкен.

XS
SM
MD
LG