Ссылки доступа

Азиз Суракматов 150 млн. сом төлөп абактан чыкты


Бишкек шаарынын мурунку мэри Азиз Суракматов келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн 170 миллион сомдун 150 миллион сомун кайтарып берип абактан чыкты. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ал калган каражатты да төлөй турганын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, экс-мэр тергөө менен кызматташуу жөнүндө келишим түзүп, Бишкекте жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүштүрүү фактылары боюнча көрсөтмө берди. Бул ишке тиешеси бар адамдардын бардыгын аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Бишкектин Биринчи май райондук соту ага карата камакка алуу боюнча буга чейин тандалган баш коргоо чарасын өзгөртүп, тергөө аяктаганга чейин сыртка чыкпоого алмаштырды.

Азиз Суракматов "коррупция" жана "мыйзамсыз баюуга" шек саналып 26-майда кармалган жана соттун чечими менен эки айга атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Башкы прокуратура аны менен кошо Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жаныш Кудайбергеновго Жазык кодексинин “коррупция” жана “мыйзамсыз баюу” беренелери менен айып койгон. Алар коррупциялык жол менен Бишкекте жерлерге ээлик кылып, эбегейсиз байлык топтогону кабарланган. Ошондой эле экөө аталаш тууган экени көрсөтүлгөн.

Бишкек шаарына 2018-2020-жылдары мэр болгон Азиз Суракматов былтыр октябрдагы бийлик алмашуудан кийин иштен кеткен.

XS
SM
MD
LG