Ссылки доступа

Өзбекстанда оппозициялык партиянын лидеринин тиричилик техникасы конфискацияланды (видео)


Өзбекстанда жаңы түзүлгөн "Адилеттүүлүк жана өнүгүү" партиясынын лидери Хидирназар Аллакулов бийлик анын өзүнө жана партиялаштарына басым жасоону улантып жатканын билдирүүдө.

Анын айтымында, 12-июлда Ташкенттин Юнусабад райондук Мажбурлап аткартуу бюросунун кызматкерлери эскертүүсүз эле үйүнө келип, телевизорун, кир жуугуч машинесин жана микротолкундуу мешин алып кетип калышкан.

4-майда Юнусабад райондук соту Аллакуловду “Жалаа жабуу” беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 20 базалык эсептик көрсөткүч (4 млн. 900 миң сум же 470 доллар) өлчөмүндө айып пул төлөөгө милдеттендирген.

Соцтармактарга Аллакулов үйүнөн буюмдарын чыгарып жаткан кызматкерлерге кайрылып жатканы тартылган видео жарыяланды. Анда ал: “Мына болгон мүлкүм, каалаганыңардын баарын алып кеткиле. Мына бардык техникаларым, 4 миллион 900 миң сум эмес, 17 миллиондук техника. Мен каршылык көрсөтпөйм. Бирок менде бир суроо бар. Шоввозсой ишиндеги элдин 1 миллиард акчасы боюнча ким отчет берет? Пандемияга каршы күрөшкө кеткен миллондогон каражат боюнча ким жана качан отчет берет?», — деген.

Аллакулов бул окуяны «бийлик өкүлдөрү катышкан каракчылык» деп атады.

– Мен 4 миллион 900 миң сум айып пул төлөшүм керек болгонуна карабастан, 17 миллион сумдук мүлкүмдү алып кетишти. Бул бийликтин өкүлдөрү катышкан каракчылык. Алардын максаты — мени маале тургундарынын алдында уят кылуу, саясаттан кетүүгө аргасыз кылуу. Бул атайын уюштурулган, – деди ал.

31-майда жыйырмага жакын белгисиз киши Хидирназар Аллакуловго үйүнүн жанынан кол салган. Алар партия лидерин кемсинткен сөздөрдү айтып, анын саясаттан кетишин жана партия үчүн ижарага алынган имаратты бошотууну талап кылышкан. Эртеси саясатчы бул окуя боюнча укук коргоо органдарына арыз менен кайрылган. Бирок кийинчерээк кол салган адамдар да арыз жазып, ага каршы “Майда бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш иши козголгону белгилүү болгон.

Март айында белгисиз аялдар менен бийликчил блогерлер «Адилеттүүлүк жана өнүгүү» партиясынын жыйынын үзгүлтүккө учуратышкан.

Күн мурун Мажбурлап аткартуу бюросунун кызматкерлери «Адилеттүүлүк жана өнүгүү» партиясынын мүчөсү Мухаммадамин Шерматовду үй-бүлөсү менен акыркы 14 жылдан бери жашап келген үйдөн үч күндүн ичинде чыгып кетүүгө милдеттендиришкени белгилүү болду.

Шерматов бул талапты саясий ишмердүүлүгүнөн улам басым жасоо аракети катары баалоодо.

Хидирназар Аллакулов жетектеген «Адилеттүүлүк жана өнүгүү» партиясы президенттик шайлоого талапкер көрсөтүү үчүн бир нече жолу расмий каттоодон өтүүгө аракет кылган. Бирок Юстиция министрлиги партияны каттоого алуудан баш тартып келет.

Өзбекстанда президенттик шайлоо быйыл 24-октябрда өтөт. Өлкөдө мамлекет башчы кызматына партиялар гана талапкер көрсөтө алышат.

XS
SM
MD
LG