Ссылки доступа

Тажикстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 14 миң кишиге жетти


Тажикстанда COVID-19 вирусун жуктуруп алгандардын жалпы саны 14 миң кишиге жетти. Өлкөнүн Саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги 15-июлда өткөн суткада 42 адамдан коронавирус аныкталганын билдирди.

COVID-19 вирусунан улам өлгөндөрдүн саны 110 кишини түзүп, 13 631 адам айыкты.

Көптөгөн эксперттер жана жашоочулар бул статистикалык маалыматтардын так экенине ынанышпайт.

Күн мурун Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Аданом Гебреисус дүйнө жүзү боюнча төрт аптадан бери коронавирус жуктургандардын саны көбөйүп жатканын билдирген. Анын айтымында, он жумалык төмөндөөдөн кийин өлүмдүн деңгээли да кайрадан жогорулады.

"Мен ар бир өлкө калкынын 10% сентябрга, бери дегенде 40% жыл соңуна, 70% кийинки жылдын ортосуна чейин эмдөөгө чакырам. Бул максатты ишке ашыруу үчүн бизге 11 миллиард доза вакцина керек", – деген Гебреисус

Дүйнө жүзү боюнча 188 миллион киши вируска чалдыгып, төрт миллиондон ашык киши көз жумду.

XS
SM
MD
LG