Ссылки доступа

Журналисттер Орусияда бул кесип дээрлик жок болуп баратканын билдирүүдө


"Чет элдик агент" деп табылган журналисттерди колдогон акция. Новосибирск шаары, 16-июль 2021-жыл
"Чет элдик агент" деп табылган журналисттерди колдогон акция. Новосибирск шаары, 16-июль 2021-жыл

Орусиянын Новосибирск шаарында “чет элдик агенттердин” тизмесине киргизилген журналисттерди колдогон нааразылык акциясы өтүүдө. Анын катышуучулары өлкөдө бул кесип дээрлик жок болуп баратканын билдиришүүдө.

"Такие дела" басылмасынын журналисти Рита Логинова шаардын борбордук аянтына “Журналисттер душман эмес! ЖМКлар эркин болушу керек” деген жазуу менен чыкты. Акциянын дагы бир катышуучусу “Журналистика кылмыш эмес” жана “Проект” басылмасынын кызматкерлери бийлик тууралуу иликтөө жасаганы үчүн “чет элдик агент” деп табылды” деген жазууну көтөрүп чыккан.

15-июлда Орусиянын Башкы прокуратурасы “Проект” басылмасын “ылайыксыз уюм” деп жарыялаган. Ошол эле күнү дагы сегиз орусиялык журналист “Чет элдик тыңчы ЖМКлардын” тизмесин киргизилген.

Мындан тышкары Юстиция министрлиги “Чет элдик тыңчы коммерциялык эмес уюмдардын” тизмесине “Укук жана коомдук саясат” уюмун кошкон.

Июндун аягында полиция “Проект” басылмасынын башкы редактору Роман Баданиндин жана журналисттеринин үйүндө тинтүү жүргүзгөн. Андан бир күн мурда басылма Ички иштер министрлигинин башчысы Владимир Колокольцевдин жана анын жакындарынын кымбат баалуу кыймылсыз мүлктөрү тууралуу иликтөө жарыялаган.

Апрелдин аягында Юстиция министрлиги "Медуза" басылмасын чет элдик агенттердин тизмесин кошкон. Көп өтпөй редакция жарнама берүүчүлөр кызматташуудан баш тартышканын билдирип, ишмердүүлүгүн улантуу үчун окурмандарынан каржылай жардам сураган.

“Чет элдик тыңчы” деп табылган VTimes басылмасы бир нече жумадан кийин жабылууга аргасыз болгон.

Орусияда 2012-жылдан бери “Чет элдик тыңчы тууралуу” мыйзам иштейт. Ага ылайык, чет өлкөдөн каражат алган жана саясий ишмердүүлүк менен алектенген каалаган коммерциялык эмес же коомдук уюм “чет элдик агенттердин” тизмесине киргизилиши мүмкүн. Ошол эле маалда мыйзамда уюмдардын мындай ишмердүүлүгүн аныктай турган так критерий көрсөтүлгөн эмес.

XS
SM
MD
LG