Ссылки доступа

Өзбекстанда оппозициялык партиянын ишин чагылдырган блогер 15 суткага камалды


Блогер Озодбек Курбанов
Блогер Озодбек Курбанов

Өзбекстанда 15-июль күнү президенттин администрация имаратынын алдында кармалган көз карандысыз блогер Озодбек Курбанов майда бейбаштык айыбы менен 15 суткага камалды.

«Хакикат ва Тараккиёт» («Акыйкат жана өнүгүү») партиясынын активисттеринин билдиришинче, сотто блогер «бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүп, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине акарат келтиргени» айтылган.

Блогер 15-июлда «Акыйкат жана өнүгүү» партиясынын Конституциялык сотко жамааттык арыз берүү жараянын чагылдырып жүргөн. Алар Өзбекстанда расмий түрдө катталган беш саясий партия мыйзамсыз каржыланып жатат деп эсептешет.

Партия мүчөлөрү президенттин администрациясынын имаратында жайгашкан Констутициялык сотко келишкенде элүүгө чукул белгисиз кишилердин кол салуусуна кабылышкан. Уюмдун лидери Хидирназар Аллакуловдун айтымында, бул ишке аялдар жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери катышкан.

«Озодбек Курбановду сабап, колун толгоп, автоунаага отургузуп, белгисиз жакка алып кетишкен», – деди Хидирназар Аллакулов.

Аллакулов 23 жаштагы блогер Курмановго кол салуу анын саясий ишмердүүлүгүнө байланыштуу деп эсептейт.

Өзбекстандын укук коргоо органдары 15-июлда президенттин имаратынын алдында болгон окуя тууралуу түшүндүрмө беришкен жок.

XS
SM
MD
LG