Ссылки доступа

Казакстанда эки активист тынч жыйын өткөрүү тартибин бузууга айыпталды


17-июлда Актөбө админстративдик соту активисттер Айнагүл Тубетова менен Ахмет Сарсенгалиевге 50 айлык эсептик көрсөткүчтөгү – 350 доллар айып пул салды. Сот онлайн өткөн, полиция активисттерди ошол эле күнү көчөдөн кармап кеткен.

– 17-июлда өтө турган митинг тууралуу кабарды бөлүшкөнүм үчүн “тынч жыйын уюштуруу жана өткөрүү тартибин бузуу” боюнча айыпталдым. Бул бир айдын ичинде мага салынган экинчи айып пул, – деди Айнагүл Төбетова.

Активист 6-июлда да дал ушундай күнөө менен ушундай эле суммадагы айып пулга жыгылган, бирок аны төлөгөн эмес.

Дагы бир активист Ахмет Сарсенгалиевди полиция облус борборунан 50 чакырым алыс Калдаяров айлынын тушунда таксиде баратканда кармап кеткен:

– Полиция кармаган маалда жанымда активист Актамак Коптлеуова да бар болчу. Биз Косестек айлынан чыгып, Актөбөгө митингге баратканбыз. Экөөбүздү эки машине салып кетти. Онлайн сот кечки саат 8де болду. Соцтармактагы билдирүүлөрүм үчүн “тынч жыйын уюштуруу жана өткөрүү тартибин бузду” деп айыптап мага 50 айлык эсептик көрсөтүчкө барабар айып пул салышты.

Францияда бозгунда жүргөн оппозиционер, мурдагы банкир Мухтар Аблязов 17-июлда элди митингге чыгууга чакырган. Ал казакстандыктарды милдеттүү түрдө эмдөөгө каршылык билдирүүгө үндөгөн. Алматыда полиция митинг өтө турган жерди курчууго алып, акцияга уруксат берген эмес. Журналисттер бери дегенде эки адамдын кармалганына күбө болушкан.

XS
SM
MD
LG