Ссылки доступа

Түркия Иран менен чек арасына жакын жерден 100дөн ашык ооган мигрантын кармады


Түркиянын бийлиги акыркы эки сутканын ичинде Иран менен чек арасына жакын аймактан 132 ооган качкынын кармады. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Ван провинциясынан 17-июлда 73, 18-июлда дагы 59 ооганстандык кармалган.

Өткөн айда Түркиянын, Ооганстандын жана Ирандын тышкы иштер министрлери жолугуп, миграция тармагында кызматташуу маселесин талкуулашкан. Түркияда ооган качкындары көбөйүшү мүмкүн деген тынчсыздануулар эл аралык коалциянын күчтөрү Ооганстандан чыгарыла баштаганда күчөгөн.

Эксперттердин пикиринде, 2021-жылдын январынан бери коопсуздуктун жоктугу жана зомбулуктун күчөгөнүнөн улам 270 миң ооган жараны жашаган жерин которууга аргасыз болгон.

Түркия ооган мигранттары үчүн негизги багыттардын бири болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө бул өлкөдө жалпысынан 4 миллиондон ашык качкын жашап жатат. Алардын көбүн Сириядан келген качкындар түзөт.

XS
SM
MD
LG