Ссылки доступа

Пайгамбардын карикатураларын тарткан сүрөтчү Курт Вестергор көз жумду


Курт Вестергор
Курт Вестергор

Мухаммед пайгамбардын сүрөтү тартылган эмгектери көптөгөн мусулмандардын нааразылыгын жараткан даниялык карикатурист Курт Вестергор 87 жашында дүйнө салды.

Весторгордун үй-бүлөсү тараткан маалыматта ал узакка созулган оорудан улам көз жумганы айтылат.

1980-жылдардын башында Курт Вестергор консервативдик "Юлландс-постен" гезити менен кызматташкан. 2005-жылы дал ушул басылманын бетинде Мухаммед пайгамбардын 12 карикатурасы жарыяланган. Мусулмандар бул сүрөттөрдү кемсинтүү катары кабыл алышкан.

Дүйнө жүзү боюнча ислам дининин өкүлөрү Даниянын дипломатиялык миссияларына чабуул жасашкан. Бул окуялар 2006-жылы февралда туу чокусуна жетип, нааразылык учурунда ондогон киши өлгөн.

Курт Вестергор карикатураларын жарыялагандан кийин коркутуп-үркүтүүгө кабылган. 2008-жылы Даниянын атайын кызматы сүрөтчүнү өлтүрүүнү пландаган делген үч кишини кармаган.

Акыркы жылдары Курт Вестергор жашыруун даректе, күзөтчүлөрдүн көзөмөлүндө жашоого аргасыз болгон.

XS
SM
MD
LG