Душанбедеги борбордук мечитке жарандар металлодетектордун текшерүүсүнөн өтүп, беткап тагынып киришти. Санитардык-эпидемиологиялык эрежелер катаалдатылып, аралыкты сактоо эскертилди.
Тажикстанда былтыр Курман айтта коронавирус пандемиясына байланыштуу жамаат менен чогулуп айт намазын окууга уруксат берилген эмес.
Быйыл 13-майда белгиленген Орозо айтта тажикстандыктар айт намазын мечиттерде окушкан.