Ссылки доступа

Орусия ТИМи: "Талибандын" ийгиликтери "позитивдүү роль" ойноп жатат


Орусия Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) өкүлү Замир Кабулов "Талибан" кыймылынын Ооганстандагы аскердик ийгиликтерине оң баасын берди.

"Талибан" уезддерди өз көзөмөлүнө алуу менен позитивдүү роль ойноп жатат. Алар Ооганстандын ички иштерине эмес, Борбор Азияга, Пакистанга жана Иранга багытталган башка топторду да жок кылып жатышат. Орусиянын Борбор Азиядагы өнөктөштөрүнүн коопсуздугу жагынан алганда, "Ислам мамлекети" тобуна каршы күрөшпөстөн, алар менен кызматташып келген "англосакстарга" караганда "Талибан" позитивдүү фактор болууда", — деди Кабулов.

Буга чейин "Талибан" кыймылынын делегациясы Москвада болуп, Орусия ТИМинин жетекчилери менен жолугушууларды өткөргөн. Анда Орусиянын тышкы дипломатиялык мекемеси "Талибан" менен сүйлөшүүнүн максаты Ооганстандагы туруктуулукту бекемдөө экенин белгилеген.

Видео

Видео

Туристтерди капа кылган кыргыз милициясы
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:06:43 0:00
XS
SM
MD
LG