Ал калк арасында жалган маалымат таратуунун жоопкерчилиги жөнүндө эскертти. Уринбоеванын айтымында, жалган маалымат тараткан кишилер жоопкерчиликке тартылат.
Өзбекстанда дүрбөлөң жаратууга багытталган маалыматтарды тараткандар 7000ден 9300 долларга чейин айып пулга жыгылат же 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат.
Буга чейин соцтармактарда белгисиз кишилер коменданттык саат киргизилгени тууралуу маалыматтарды жарыялашкан.
Өзбекстанда коронавируска байланыштуу абал начарлоодо. Вирус жуктурган жаңы учурлар көбүнчө Ташкентте катталууда. Эпидемиологиялык абалдын начарлаганына байланыштуу 28-июндан бери борбор калаада карантиндик чектөөлөр киргизилген.