Ссылки доступа

Бир күндө 100 чакырым жөө баскан Черикбай (жыйнак)


Чөлкөмдөгү ЖМКлар бул материалдарды логотибин сактоо менен бекер колдоно алышат. Директ топтомунан да видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Сел бир жумада он өмүрдү жалмады. Акыркы эки күндө суу ташкыны Сузак районунда алты жашар наристенин, Лейлекте 16 жаштагы өспүрүмдүн өмүрүн алды. Өткөн жумада Аксы районунда сегиз кишини сел агызып кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аймактарда сел коркунучу сакталып жатканын эскертүүдө. (видео)

- Бир күндө 100 чакырым жөө баскан Черикбай. Ак-Талаа районунун Баетов айылынын тургуну Черикбай Баялиев күн алыс жайлоого жөө барып келет. Айыл менен жайлоонун аралыгы 100 чакырым. 60ка чыккан аксакалдын Бишкекке чейин жөө барсам деген тилеги да бар. (видео)

- Кара-Дарыядагы сел бир өмүрдү жалмады. Жалал-Абад облусунун Сузак районунда алты жаштагы кызды 20-июлда сел агызып кетти. Анын сөөгү түн жарымда табылды. "Азаттыктын" кабарчысы апаат болгон жерге барып, Чаңгыр-Таш айылында кырсыктан кийинки көрүнүштү сүрөткө тартты. (сүрөт баян)

- "Миграция эмгекчилдикке үйрөттү". Нарындын Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын тургуну Сарыгул Кубанычбек уулу алты жыл Орусияда миграцияда жүрүп келгенден кийин айылына чакан тигүү цехин ачты. (видео)

- Колунан көөр төгүлгөн устанын эмгектери дүйнөгө тарады. Уста Маратбек Берикбаев музыкалык аспаптарды жасайт жана оңдоп-түзөйт. Анын колунан чыккан аспаптар Европа мамлекеттерине чейин тараган. (видео)

- Тажикстанга качкан ооган кыргыздары артка кайтарылды. (видео)

- Казакстан: жумушчулар шартты жакшыртууну талап кылууда. Мангистау облусунун Жаңы-Өзөн шаарында тазалык кызматкерлери иш таштады. Шаардагы "Тазалык-С" ишканасында иштегендер эмгек акыны 100% көтөрүүнү талап кылышты. Алар иштөө шартын жакшыртуу керектигин да айтышууда. (видео)

- Алматыда тез жардам кызматынын жумушчулары “коронавирустук төлөмдөр” берилбегенине нааразы болууда. (Казакстандан видео)

- АКШ, Евробиримдик жана НАТО Кытайды киберчабуулдарды уюштурууга айыптады. (Настоящее Время)

- Жефф Безос жеке ракетасы менен космоско учту. (Настоящее Время)

- Токиодогу Олимп оюндарына уюштуруучулардын даярдыгы кандай? (Настоящее Время)

- Кулябда суу тартыш болууда. Жайкы аптапта Кулябдын көп кабаттуу үйлөрдө жашаган тургундары суу тартыштыгынан кыйналып жатышат. (Тажикстандан видео)

- Мургабда топоз баккандар климаттын өзгөргөнүнө даттанууда. (Тажикстандан видео)

​- Азия 360: Айдаркен сымап фабрикасы. (видео)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК

XS
SM
MD
LG