Ссылки доступа

Жаңы-Өзөндө дагы бир нече мекеменин жумушчулары иш ташташты


22-июлда Жаңы-Өзөндөгү "Казпромтехкомпани" жоокерчилиги чектелген шериктештиктин жүздөн ашык жумушчусу ишин токтотуп, айлык маянаны көбөйтүүнү талап кылды.

Күн мурун калаадагы дагы үч мекеменин жумушчулары иш ташташкан. Алар дагы эмгек талабын жакшыртып, жалакыны көтөрүүнү сурашууда.

Мамлекеттик “Өзенмунайгаз” компаниясынын мунай-газ өндүрүү башкармалыгын жууп-тазалап, вахтерлук кызмат көрсөткөн НБКС мекемесинин жумушчулары 21-июлда жумушун токтоткон Анда көбүнчө көп балалуу, майып балдарды тарбиялаган аялдар иштейт.

"Биздин шаарга келип, түштөнүүгө мүмкүндүгүбүз жок. Биз деле мунайчылар сыяктуу зыян радиацияны жутабыз, бирок жумуштун зыяндуулугуна карабай, түштөндүрүшпөйт, сүт беришпейт, зыяндуулук үчүн коэффициент каралган эмес. Региондордо азык-түлүктүн баасы жогору, маяна тамактанууга жетпейт", — деди жумушчулардын бири

Клининг компаниясынын кызматкерлери маянаны эки эсеге көбөйтүүнү, эмгек шартынын катаалдагы үчүн кошумча акы төлөөнү, сый акы берүүнү жана санитардык-курорттук эс алууга жөнөтүп, ысык тамак менен камсыздоону талап кылышууда.

Шаршембиде Оilfield equipment and services менен “Актау Мунай Сервис Компаниясынын” жумушчулары да иш ташташкан. Алар маянаны 100 пайыз көтөрүүнү, кесиптик кошуундун активисттерин куугунтуктоону токтотууну сурашууда.

XS
SM
MD
LG