Ссылки доступа

Түрк прокуратурасы Орхан Инандыга 22,5 жыл сурады


Бишкекте "Сапат" билим берүү лицейлеринин негиздөөчүсү Орхан Инандыны табууну талап кылган акция
Бишкекте "Сапат" билим берүү лицейлеринин негиздөөчүсү Орхан Инандыны табууну талап кылган акция

Анкаранын прокуратурасы Кыргызстандагы “Сапат” билим берүү мекемелеринин негиздөөчүсү Орхан Инандыны 15 жылдан 22,5 жылга чейин эркинен ажыратууну сурады. Бул тууралуу "Анадолу" агенттиги кабарлады.

Басылманын маалыматы боюнча Инанды "куралдуу террордук уюмду башкарууга" айыпталып, прокуратура аны кылмышка айыптаган корутундуну сотко тапшырды.

Инанды көп жылдан бери Кыргызстанда жашап, 2012-жылы жарандык алган. Ал быйыл 1-июнда Бишкекте жоголуп, дайыны чыкпай жаткан. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган атайын кызматтар аны Анкарага алып келгенин кабарлаган.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Орхан Инандыны кайтарууну Анкарадан талап кыларын айткан. Ал эми УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Орхан Инанды кыргыз жарандыгын алганда түрк жарандыгынан баш тартпаганын айтып, ошондуктан Түркиянын укук коргоо органдарынын аны жоопко тартуусу мыйзамдуу экенин маалымат жыйынында билдирген.

XS
SM
MD
LG