Анын айтымында, бүгүнкү күндө калаадагы инфекциялык стационарларда 2556 бейтап дарыланып жатат.
"Биз бош орундарды көбөйтүп, бардык ресурстарды пайдаланууга аргасызбыз. Азыр шаарда 16 стационар иштеп жатса, аларда 1006 орун, анын ичинде 82 реанимациялык орун бош турат", — деди Муратов.
Башкармалыктын маалыматына караганда, Нур-Султанда күн сайын 10-15тен адам коронавирустан каза болууда. Учурда реанимация бөлүмүндө 230 бейтап жатса, алардын 70инин абалы өтө оор деп бааланууда. Дагы 47 бейтап жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган.
Нур-Султан шаары коронавирустун жайылуусу боюнча Казакстандын башка бир нече аймагы сыяктуу эле "кызыл зонага" кирген.