Ссылки доступа

Түркмөнстанда жарандардан диний адабияттар алынууда


Түркмөнстандын Улуттук коопсуздук министрлигинин кызматкерлери диний адабияттарды сактоого шектелген Лебап облусундагы тургундардын үйлөрүн текшерип жатышат. Бул тууралуу "Азаттыктын" түркмөн кызматынын аймактагы кабарчысы билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө мындай рейддер облустагы Дянев, Дарганата, Сейди жана Газожак шаарларында жүргүзүлүүдө.

"Атайын кызмат өкүлдөрү туруктуу түрдө мечитке барып жүргөн жарандардан Курандан башка бардык диний китептерди жок кылууну талап кылып жатышат. Мындай китептер табылган учурда "Түркмөнстандын диний адабияттар боюнча стандарттарына" туура келээр-келбесин текшерүү үчүн аларды алып кетишүүдө", — деди кабарчы.

Светтик өлкө эсептелген Түркмөнстандын Конституциясы жарандарга дин тутуу эркиндигин кепилдейт. Бирок иш жүзүндө түрдүү дин өкүлдөрү, анын ичинде мусулмандар да куугунтукка кабылып келишет.

АКШ Мамлекеттик департаментинин дүйнөдөгү дин эркиндиги боюнча ар жылкы баяндамасында Түркмөнстан "туруктуу түрдө дин тутуу эркиндиги чектелген" өлкөлөрдүн тизмесине кошулган.

XS
SM
MD
LG