Ссылки доступа

Мирзиёевдин жашыруун резиденциясынын видеосун жарыялаган активист партия түзүүдө


Өзбекстанда президент Шавкат Мирзиёев үчүн курулган Шоввозсойдогу жашыруун резиденциянын видеосун жарыялаган белгилүү блогер Алексей Гаршин "Озод Ватан" аттуу партияны негиздеп жатканын билдирди.

Интернетке жарыяланган видеодо ал партияны Өзбекстандын элдик партиясына айлантууга ниеттенип жатканын белгилеген.

Гаршиндин айтымында, 20га жакын интеллигенция өкүлдөрүнөн жана активисттерден турган уюштуруу комитети жакынкы күндөрү партиянын алгачкы курултайын өткөрүүгө даярданууда.

– Мыйзам боюнча уюштуруу кемитети үчүн кеминде 50 киши чогултуу керек. Азырынча бизде 20 ишенимдүү кишибиз бар. Азыр команда түптөө жеңил эмес, белгилүү бир карама-каршылыктар бар. Бирок биз мунун үстүндө иштеп жатабыз жана чечкиндүү кадамдарга барууну чечтик, – деди Гаршин.

Өзбекстанда 1996-жылы кабыл алынган "Саясий партиялар тууралуу" мыйзамга ылайык, саясий партия түзүүнүн демилгечилери 50 кишиден кем болбошу керек. Алар партияны түзүүгө керектүү документтерди даярдоо, мүчөлөрүнүн курамын аныктоо жана алгачкы курултайын өткөрүү сыяктуу иштерди аткаруу үчүн уюштуруу комитетин түзүүсү зарыл. Ошол эле маалда уюштуруу комитети түптөлгөндөн кийинки алгачкы жети күндүн ичинде ал партия түзүү ниети тууралуу Юстиция министрлигине жазуу түрүндө кабар берүүгө милдеттүү. Мыйзам боюнча уюштуруу комитети үч айдан ашык иштей албайт. Партия өзү алгачкы курултайында же жыйынында түзүлөт.

Алексей Гаршин Өзбекстанда партия түзүү оор экенин белгилеп, ал түзүп жаткан партия быйылкы президенттик шайлоого катышпай турганын билдирди.

Өзбекстанда кезектеги президенттик шайлоо быйыл 24-октябрда өтөт.

Бүгүнкү күнгө карата эки оппозициялык топ — "Эрк" демократиялык партиясы менен жакында эле түзүлгөн "Акыйкат жана өнүгүү" социал-демократиялык партиясы гана президенттик шайлоодо талапкерлерин көрсөтө тургандыктарын билдиришти.

Бирок Юстиция министрлиги бул оппозициялык эки партияны тең каттоого алуудан баш тарткан.

2019-жылы Шавкат Мирзиёев чет өлкөлөрдөгү саясий оппозициянын кайтып келүүсүнө каршы пикирин билдирип, "оппозиция өлкөнүн ичинде түптөлүшү керек экенин" айткан.

Мыйзамга ылайык, шайлоо өнөктүгү бери дегенде добуш берүү күнүнө үч ай калганда башталышы керек. Бирок азырынча президент Мирзиёев да, бийликтеги саясий партиялар да өз талапкерлерин көрсөтө элек.

Алексей Гаршин: Шоввозсой - это наглый грабеж народа
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:08:09 0:00

Июндун башында Алексей Гаршин президент Шавкат Мирзиёев үчүн курулган Шоввозсой эс алуу жайынын жаңы видео тасмасын жарыялаган. Интернетке чыккан тасмада тоолуу аймактагы президенттин резиденциясын, аны курчаган бак-даракты жан суу сактагычты көрүүгө болот. Ага чейин коомчулукка белгисиз бул жайдын сүрөттөрү, видеолору чыга элек болчу.

Быйыл февралда "Азаттыктын" өзбек кызматы Мирзиёев үчүн курулган хансарай жөнүндө журналисттик иликтөө жарыялаган. Анда Ташкенттен 100 чакырым алыс Угам-Чаткал улуттук паркынын аймагында жайгашкан ажайып жердеги ак сарай тууралуу маалымат берилген.

Кийинчерээк Мирзиёев Шоввозсой эс алуу жайы боюнча комментарий берип, эс алуу жайы мамлекеттин карамагында экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG