Ссылки доступа

Тажикстан 100 миңге чейин ооган качкынын кабыл алууга даяр


Ооган качкындары үчүн даярдалган Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы убактылуу лагерь
Ооган качкындары үчүн даярдалган Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы убактылуу лагерь

Тажикстан 100 миңге чейин ооган бозгундарын кабыл алып, өлкөгө жайгаштыра аларын жарыялады.

Таджикистандын Өзгөчө кырдаалдар комитетинин төрагасынын орун басары Эмомали Иброхимзода качкындарды кабыл алууда маселе жаралса, тажик бийлиги эл аралык уюмдарга кайрыларын билдирди.

Ал ооган качкындары үчүн азык-түлүк сактоочу кампалар Хорог менен Кушани райондорунда курулуп жатканын билдирди.

Эмомали Иброхимзода соңку суткаларда ооган жергесинен 1600 качкын Тажикстанга өтүп келгенин белгиледи.

Буга чейин Хатлон облусунун губернатору Курбон Хакимзода Тажикстандын Ички иштер министрлиги эл аралык уюмдардын каражатына качкындар лагерин куруп баштаганын билдирген.

XS
SM
MD
LG