Ссылки доступа

Түркмөнстанда Орусияга көчүп кетүүнү каалагандарды атайын каттамдарга жазуу токтотулду


Орусиянын Түркмөнстандагы элчилиги Орусияга көчүп кетүүнү каалаган жарандар үчүн атайын каттамдарды уюштуруу боюнча түзүлгөн тизмеге жаңы ысымдарды кошууну убактылуу токтотту. Бул тууралуу "Азаттык" радиосунун түркмөн кызматы кабарлады.

Мындай чечим каттамдарды аткарган S7 авиакомпаниясынын учактары жетишсиз болуп жатканы менен түшүндүрүлүүдө. "Азыр учуулар көп мезгил болуп жаткандыктан, S7 компаниясынын учактары жетишсиз болууда. Мындан тышкары Түркмөнстандан каттамдарды аткаруу пайдасыз болуп жатат. Анткени бир тарапты көздөй учактар бош учууда", — деп жазылган расмий билдирүүдө.

Бирок "Азаттыктын" түркмөн кызматы тизмеге жаңы адамдарды кошуу кезекке тургандардын саны 10 миңден ашып кеткенине байланыштуу токтотулганын кабарлоодо.

"Тизмеге кошулууну каалагандар 10 миңден ашып кеткендиктен жаңы өтүнмөлөрдү кабыл алуу токтотулду. Бул бардык документтери даяр, Түркмөнстандагы каттоосунан чыккан жарандар гана. Азыр өлкөдөн кетүүнү каалагандардын болжолдуу да санын аныктоо мүмкүн эмес", — деп жазды басылма.

"Түркмөн-Хельсинки фонду" уюмунун маалыматына караганда, Орусияга көчүп кетүүнү каалаган түркмөнстандыктардын саны акыркы бир нече жылдан бери туруктуу түрдө көбөйүүдө.

Укук коргоо уюму Орусиянын Чек ара кызматына шелтеме кылып, 2020-жылы Түркмөнстандын 21 680 жараны Орусияга көчүп кеткенин жазды. Алардын көбү (19 431) өлкөдөн коронавируска байланышкан чектөөлөр киргизилгенге чейин эле чыгып кетишкен. Уюмдун маалыматына караганда, 2021-жылдын январынан март айына чейин Түркмөнстандын 1323 жараны Орусияга көчүп кеткен.

Түркмөн бийлиги бүгүнкү күнгө чейин 2012-жылкы эл каттоонун жыйынтыгын жарыялай элек. Ошондой эле экономикалык көйгөйлөрдөн улам акыркы он жылдын ичинде өлкө калкынын саны кескин азайып кеткени тууралуу маалыматтар боюнча түшүндүрмө бербей келет.

XS
SM
MD
LG