Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, 21-июлда Ургут шаарында жашаган жигит “Гус айлынын жашоочуларын катуу кемсинткен”. Облустук ички иштер башкармалыгынын билдирүүсүндө 32 жаштагы киши мас абалында жергиликтүү тургундарды сөгүп, акарат келтирип, анысын видеого түшүрүп, телеграмдагы топтордун биринде жайгаштырганы айтылат.
22-июлда Гус айлынын жашоочулары райондук администрацияга барышып, бул кишини таап, жазалоону талап кылышкан.
– Кишилер аябай көп болду, мен алардын так санын айта албайм. Себеби эч ким санаган жок. Бирок ал жакта жүздөгөн адамдар болду. Нааразылыкка чыккандардын так санын укук коргоо органдарынын кызматкерлери билсе керек, – деди күбөлөрдүн бири.
Коомдук тартипти көзөмөлдөө үчүн айылга укук коргоо органдарынын кызматкерлери, атайын күчтөр жана аскерлер жөнөтүлдү.
– Ал жакта омончулар, атайын кызматтын өкүлдөрү жана аскерлер болду. Мен бир нече бронетранспортерлорду байкадым. Кимдир бирөөлөр ал жакта танктар турганын да айтышты. Кишилер абдан каарданып турушкан. Баары Гус айлынын жашоочуларын сөккөн кишини таап, жазалоону талап кылышты, – деди дагы бир булак.
Маалыматка караганда, агрессивдүү топту тынчтандыруу үчүн аскерлер электрошокер, көздөн жаш агызуучу газ колдонушту. Нааразылык учурунда бир нече киши жаракат алып, ондогон жигиттер кармалганы айтылууда.
Укук коргоо органдары Гус айлынын жашоочуларына сөз тийгизген киши кармалганын билдиришти. Соцтармактарда кармалган жаран айыл тургундарынан кечирим сураган видео пайда болду.
Самарканд облустук ички иштер башкармалыгы ушул тапта “Акарат келтирүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун, алдын ала тергөө иштери башталганын билдирди.