Ссылки доступа

Олимпиада башталгандан бери казакстандык спортчулар эки медаль утуп алышты


 Игорь Сон
Игорь Сон

Казакстандык оор атлет Игорь Сон Токиодогу Олимпиада оюндарында коло медалга ээ болду.

Бул – казакстандык спортчулардын Олимпиададагы экинчи колосу. Буга чейин спортчу Элдос Сметов дзюдодон үчүнчү орунду алган.

61 кг салмактагы спортчулардын арасында жарышкан түшкөн Игорь Сон эки машыгуунун жыйынтыгында 294 килограмм көтөргөн. Алтынды кытайлык Ли Фабин, күмүштү индонезиялык Юли Ираван жеңип алган.

Казакстандын Улуттук олимпиада комитетинин маалыматына таянсак, Жапониядагы Олимп оюндарына 95 спортчу катышууда.

Казакстанда Олимпиада чемпиону болгон спортчу 250 миң доллар сыйлык алат. Ал эми күмүшкө - 150 миң доллар, колого - 75 миң доллар сыйлык берилет.

XXXII жайкы Олимпиада оюндары жапон башкалаасында 23-июлдан 8-августка чейин өтөт. Паралимпиада оюндары 24-августта башталып, 5-сентябрда жыйынтыкталат.

XS
SM
MD
LG