Ссылки доступа

Европа шаарларында жарандар COVID-19га байланыштуу чектөөлөргө нааразылык билдиришти


Дем алыш күндөрү Европанын бир нече шаарларында миңдеген кишилер коронавируска каршы эмдөөдөн өтүү эрежелерине каршы көчөгө чыгышты.

Нааразылыктын эң ириси Францияда өттү. Маалыматтарга караганда, ага бүткүл өлкө боюнча 160 миңдей киши катышты. Алар тойкана жана башка коомдук жайларга атайын уруксат кагаз менен кирүүнү милдеттендирген мыйзам долбооруна каршы чыгышты. Демонстранттар бардык медицина кызматкерлеринин мажбурлоо жолу менен эмделишине да нааразы.

Көп жерлерде нааразылык тынч өттү. Бирок Париждеги Бастилия аянтында демонстранттардын бири полиция кызматкерине үстөл ыргытып жибергенден кийин, аларга жаш агызуучу газ колдонулду. Кийинчерээк полиция Триумф аркасынын маңдайындагы топту таратуу үчүн суу пайдаланды.

Чуу жараткан мыйзам долбооруна шайкеш, музей, кинотеатр, тойкана, бар жана башка коомдук жайларга кирүү үчүн атайын уруксат кагаз керек. Мындай документ эмдөөдөн толук өткөн, коронавирус жукпаганы тууралуу ПЧР тести же коронавирустан айыкканын далилдеген аныктамасы бар адамдарга берилет.

Бул арада миңдеген кишилер Рим менен Италиянын башка шаарларында тынч жыйындарды өткөрүшүп, стадион, кино жана башка коомдук жайларга кирүү үчүн талап кылына турган “жашыл уруксат кагазына” нааразылык билдиришти.

XS
SM
MD
LG