Ссылки доступа

Өзбекстандагы монополист компаниялардын жумушчулары айлыктар кечиктирилип жатканына даттанууда


Өзбекстанда "УзАвтоМоторс", "Өзбекмунайгаз", "Өзбекстан аба жолдору" өңдүү монополист ишканалардын, ошондой эле Ички иштер башкармалыктар менен Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү борборлорунун кызматкерлери айлыктары өз убагында төлөнбөй, сыйакылар берилбей калганына даттанышууда.

"Биз "Өзбекстан темир жолдорунда" коштооочу болуп иштейбиз. Бизге майрам күндөрү да айлык берилбейт. Ошол эле маалда иштин өз убагында аткарылышын талап кылышат. Айлыктарыбыз ансыз деле төмөн, ошону да өз убагында ала албай келебиз", – деп жазылган темир жолчулардын "Озодлик" радиосуна жөнөткөн кайрылуусунда.

Мындан тышкары Фергана облустук ички иштер башкармалыгы менен Анжияндагы Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү борборунун кызматкерлери маяналар кечиктирилип жатканына даттанса, "Өзбекмунайгаз" ишканасынын Анжияндагы өкүлчүлүгү менен UzAutoMotor компаниясынын жумушчулары Курман айт майрамына карата сыйакы берилбегенин билдиришкен. Алардын айтымында, бул ишканаларда жыл сайын Жаңы жыл, Нооруз, Эгемендик күнү жана Айт майрамдарына карата 1 миллион сумдан (100 долларга жакын) сыйакылар берилип келген.

UzAuto Motors жана "Өзбекмунайгаз" компанияларынын өкүлдөрү Курман айтка карата жумушчуларга сыйакы берилбегенин ырастап, бирок мунун себептери тууралуу айтуудан баш тартышты.

Өзбекстанда мамлекеттин үлүшү бар жана жеке ишканаларда айлыктарды өз убагында же толук бербеген учурлар буга чейин да катталган.

Өткөн айдын башында жеңил автоунааларды өндүрүү менен алектенген Анжияндагы Uz-Koram Co компаниясынын жумушчулары маяналардын кыскартылганына жана кечиктирилип жатканына каршы нааразылык билдирип, иш ташташкан.

Май айында Сырдарыя шаарындагы Indorama Agro ишканасынын кызматкерлери айлыктар азайтылганына жана эмгек мыйзамдары бузулганына нааразылык катары веложүрүш өткөрүшкөн.

Ошол эле айда Чирчик шаарындагы «Водий саркор дизайн» ишканасынын ондогон жумушчусу администрация имаратынын алдына топтолуп, айлыктар өз убагында берилбей жатканына нааразылык билдиришкен. Кийинчерээк аларга маяналар төлөнүп, компания жетекчилигине айып пул салынган.

XS
SM
MD
LG