Ссылки доступа

Кытай ТИМи: АКШ Бээжинди "душман катары көрсөтүүгө" аракет кылууда


Кытайдын тышкы иштер министринин орун басары Се Фэн
Кытайдын тышкы иштер министринин орун басары Се Фэн

Кытай менен АКШнын ортосундагы чыңалган абалдын негизги себеби — айрым америкалыктардын Кытайга "ойдон чыгарылган душман" катары мамиле кылып жатканында.

Бул тууралуу Кытайдын тышкы иштер министринин орун басары Се Фэн 26-июлда АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Венди Шерман менен жолукканда билдирди.

Фэн АКШ Кытайды "душман катары көрсөтүүгө" аракет кылып жатканын белгилеп, Вашингтонду бул мамилесин өзгөртүүгө чакырды.

"АКШ Кытайды "душман катары көрсөтүү менен" өзүнүн түзүмдүк көйгөйлөрүн Бээжинге оодарууга ниеттенип жатат. Азыр америка-кытай мамилелери "кыйла оор" жана "үмүтсүз" абалда турат", — деп жазылган сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Кытай ТИМи жарыялаган билдирүүдө.

Буга чейин АКШнын Мамлекеттик департаменти Шермандын сапары ортодогу мамилелердин чектерин аныктоого, ошондой эле эки тараптуу байланыштар жаңжалга айланып кетпеши үчүн атаандаштыктын бирдей шарттарын издөөгө багытталганын билдирген. Мекеменин билдирүүсүндө мындан тышкары АКШ бул сүйлөшүүлөрдү Бээжинге "жоопкерчиликтүү атаандаштык кандай экенин" көрсөтүү мүмкүндүгү катары пайдаланууга ниеттенип жатканы белгиленген.

Мамлекеттик департаменттеги экинчи адам эсептелген Шерман бул сапарынын алкагында Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен да жолугушууну пландап жатат. Шерман — Жо Байден быйыл январда президенттик кызматка киришкенден кийинки Кытайга келген АКШнын алгачкы жогорку кызматтагы расмий адамы болуп калды.

XS
SM
MD
LG