Ссылки доступа

Франциянын парламенти санитардык өткөрмө кагазын бекитти


Санитардык өткөрмө кагаздардын киргизилишине каршы акция. Париж шаары, 17-июль 2021-жыл
Санитардык өткөрмө кагаздардын киргизилишине каршы акция. Париж шаары, 17-июль 2021-жыл

Франциянын парламентинин эки палатасы - Сенат менен Улуттук ассамблея санитардык өткөрмө кагазын киргизүү тууралуу мыйзамды кабыл алды.

Ага ылайык, коронавируска каршы тест тапшырбаган же эмделгени тастыкталбаган кишилер кафе-ресторандарга киргизилбейт, ооруканадагы туугандарынан кабар ала албайт, учактарда учуп, алыскы каттамдардагы поезддер менен автобустарга түшө албайт.

Өткөрмө кагазы ошондой эле бардык оюн-зоок, көңүл ачуу жайларына жана башка бардык коомдук-маданий мекемелерге кирүүдө милдеттүү түрдө талап кылынат.

Бул мыйзам медиктерди жана башка кызматкерлерди COVID-19 илдетине каршы 15-сентябрга чейин сөзсүз эмдөөдөн өтүүнү милдеттендирет. Андан баш тарткандарды жумуштан алууга тыюу салынат. Бирок жумуш берүүчү андай кызматкерлер эмделгенге чейин аларды акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүнө кетирүүгө укуктуу. Жашы жете электер санитардык өткөрмө кагазын алуудан бошотулат.

Эми бул документти Конституциялык кеңеш бекитиши керек. Мыйзам 15-ноябрга чейин иштей турганы болжолдонууда. Бирок өкмөт аны 31-декабрга чейин күчүндө калтырууну мерчемдегени белгиленген.

Бийликтин санитардык өткөрмө кагазын киргизүү аркылуу эмдөөнү ыраатка салуу аракети француз жарандарынын кескин нааразылыгын жаратты.

Парижде жана бир топ ири шаарларда бул демилгеге каршы миңдеген адамдар каршылык акциясына чыгышкан. Франциянын президенти Эммануэл Макрон аларды жоопкерчиликсиздикке жана эгоизм үчүн айыптаган.

XS
SM
MD
LG