Жээнбеков менен Зулпукаров 31-майда кармалып, 31-июлга чейин Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөө абагына камалган. УКМКнын маалыматына ылайык, аларга Кумтөр кениндеги коррупциялык иштерге байланыштуу Жазык кодексинин 319-беренесинин (Коррупция) негизинде айып тагылды.
Соттун алдында эки депутаттын ондогон тарапташы абактан бошотууну талап кылып турду.
Алардын тарапкерлери үй камагына чыгаруу талабы менен улам нааразылык акцияларын уюштуруп жатышат. Жогорку Кеңештин 80ден ашык депутаты Асылбек Жээнбековду үй камагына чыгарууну суранып, билдирүү дагы таратышкан.
Асылбек Жээнбеков - мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууганы.
Асылбек Жээнбеков 2011-2016-жылдары Жогорку Кеңештин төрагасы болгон. Ал эми Төрөбай Зулпукаров парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын лидеринин орун басары болчу.