Муну менен ал олимпиадалык медаль үчүн күрөшүү укугунан ажырады.
Тажикстан Токиодогу Олимпиада оюндарына 10 спортчусун жөнөткөн. Медаль алгандарга Тажикстан президентинин фондунан сыйакы берилет. Биринчи орун үчүн акчалай сыйлык – 300 миң сомони. Экинчи жана үчүнчү орунду камсыздагандар 250 миң жана 200 миң сомони алат.
Душанбе мэри Рустам Эмомали олимпиадалык медаль алгандарга жаңы батирлердин ачкычы ыйгарыла турганын билдирген. Олимпиада оюндарынын чемпиону төрт бөлмөлүү батир алат. Күмүш медалдын ээсине үч бөлмөлүү, коло медалдын ээсине эки бөлмөлүү үй тийет.