Ссылки доступа

Талибдер Тажикстанда тыюу салынган "Ансоруллах" тобу менен кызматташууда (видео)


Ооганстандын Тажикстан менен чек арасынын үчтөн бир бөлүгүнө көзөмөл орноткон “Талибан” кыймылы коңшу өлкөлөргө коркунуч жаратпоого убада берген.

Бирок “Озоди” радиосу кабарлагандай, талибдер ооган-тажик чек арасынын бир бөлүгүн коргоону Тажикстанда тыюу салынган "Ансоруллах” тобуна тапшырган. Топту бул аймакта этникалык тажик Махди Арсалон (Мұхаммад Шарипов/Шарифов) башкарууда. Бул уюмдун көптөгөн жоочулары эл аралык издөөгө алынган.

Ооганстандын түндүгүндөгү окуяларга күбө болгон өз булак журналисттерге Тажикстан менен чектеш аймактагы акимчиликтин имаратына “Талибан” кыймылынын туусун 26 жаштагы тажик талиби Махди Арсалон көтөргөнүн айтты. Махди Арсалон азыр "Ансоррулах" тобунун аймактагы жетекчиси жана Ооганстандагы беш уездди: Куфоб, Шикай, Нусай, Маймай жана Хохонду көзөмөлдөйт. Бул уезддер Тажикстандын Дарвоз жана Шамсиддин Шохин райондору менен чектешет. Эки өлкөнү Паянж дарыясы гана бөлүп турат.

Тажикстандын атайын кызматынын маалыматына караганда, Махди Арсалон "Ансоруллах" тобуна жети жыл мурун кошулган. Анын атасы Мирхожа Шарипов топтун алгачкы жетекчиси Амриддин Табаровдун шериги болгон.

Мухаммад Шарипов/Шарифов
Мухаммад Шарипов/Шарифов

"Ансоруллах" – тажик тектүү жоочулар түзгөн террордук уюм. Ал 1992-1997-жылдары Пакистанда түптөлгөн.

Видео

Видео

Бир класста 40 окуучу. Жаңы конуштардын мектеп көгөйү
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:08:22 0:00
XS
SM
MD
LG