Бул дубалга тартылган сүрөт быйыл июль айынын башында Алматыдагы көчөлөрдүн биринде пайда болгон эле.
Граффиттинин сол жагында ‘Uly Dala Ury’ деген жазуу калтырылган. Казакчадан которгондо «Улуу талаанын уурусу» деген сөз. Активисттер «Улуу талаанын уулу» деген фразаны бурмалап ойношкону дайын болуп, дубалга тартылган бул сүрөт ошол эле күнү боёлуп, өзгөртүлгөн болчу.
Казакстандын Маалымат министрлигинин "Медиазона" басылмасына жиберген кайрылуусунда Нурсултан Назарбаевдин аброюна эл алдында шек келтирген аракет үчүн кылмыш жоопкерчилиги бар экени эскертилген. Бул кылмыш беренеси боюнча үч жылга чейин эркинен ажыратылат.
Бирок басылманын редакциясы сүрөттү сайтынан алган эмес. Анын ордуна Назарбаевдин жүзү таанылбагандай кылып, бозортуп койгон.