Ссылки доступа

Казакстанда мунайсервис ишканасынын жумушчулары иш таштады


28-июлда Казакстандын Мангистау облусундагы «Каражанбасмунай» компаниясына таандык Industrial service resources аутсорсинг ишканасынын 170тен ашык жумушчусу иш таштады.

Алар аутсорсинг ишканасынын жумушчуларын «Каражанбасмунай» компаниясынын штатына кабыл алууну, социалдык пакетти киргизүүнү жана айлык акыларды жогорулатууну талап кылып жатышат.

Учурда Industrial service resources ишканасынын кендеги иши токтоп турат. Жумушчулар жөнөткөн видеотасмадан курулушчулар шаарчасында топтолуп турган жүзгө жакын кишини көрүүгө болот.

— «Каражанбасмунайдагы» иштин 70% жакынын аутсорсинг ишканаларынын жумушчулары аткарышат. Бул тууралуу жетекчилик жакшы билет. Азыр абал оорлоп жатат, арабызда карызы көбөйүп, ооруп калган балдарына дары-дармек сатып алууга мүмкүнчүлүгү жоктор бар. Акча жетишпейт. Талаптарыбыз аткарылмайынча иш таштоону токтотпойбуз, — деди аты-жөнүн айткысы келбеген жумушчулардын бири.

Industrial service resources ишканасы скважиналарды жана башка жабдууларды монтаждоо жана оңдоо иштери менен алектенет.

Буга чейин «Каражанбасмунай» компаниясына күзөт кызматын көрсөткөн ишкананын жумушчулары да иш таштаган. Алар маяналарды жогорулатуу талабы аткарылгандан кийин кайра ишке чыгышкан.

Айдын башынан бери Мангистау облусундагы бир нече компаниянын жумушчулары иш таштаган. Алардын айрымдары талаптары аткарылгандан кийин ишке чыкса, башкаларынын иш таштоосу уланууда.

27-июлда Жаңы-Өзөн шаарындагы Caspian Catering Service компаниясынын ондогон жумушчусу айлыктарды жогорулатуу талабы менен иш таштаган. Жумуш берүүчү бул талапты аткаргандан кийин жумушчулар ишке чыгышкан.

25-июлда UTS LLС жана «Озенмунайгаз» компанияларына сервистик кызматтарды көрсөткөн NBKS ишканасынын жумушчуларынын иш таштоосу аяктаган.

Жумушчулардын иш таштоосу уланып жаткан Жаңы-Өзөн шаары Мангистау облусунун административдик борбору эсептелген Актау шаарынан 142 чакырым алыстыкты жайгашкан. 2011-жылы шаардагы мунайчылардын ири иш таштоосун күч менен токтотуу учурунда кан төгүлүп, 17 киши каза болгон.

XS
SM
MD
LG