Ссылки доступа

Беларуста "Белсат" экстремисттик телеканал деп табылды


Гомель шаарынын Железнодорожный райондук соту "Белсат" телеканалын экстремисттик маалыматтык ресурс деп тапты. Бул тууралуу Беларус ИИМинин маалымат кызматы билдирип, экстремисттик булактан маалымат алып тараткандар үчүн айып пул же камоо жазасы каралганын эскертти.

"Белсат" – беларус тилиндеги спутник телеканалы. Ал 2007-жылы түзүлгөн жана өзүн Беларустагы алгачкы көз карандысыз телеканал деп эсептейт. Канал 2020-жылы август айындагы президенттик шайлоодон кийин башталган нааразылык акцияларын чагылдырып турган.

16-июлда укук коргоо органдарынын кызматкерлери "Белсаттын" журналисттери Павел Можейко, Анна Галета, Галина Абакунчик, Кристина Чернявской, Алексей Кайриске, "Каждый из нас" программасынын алып баруучусу Глеб Лободенкого жана телеканалдын Гомель шаарындагы кабарчылары Евгений Меркис менен Игорь Ильяшка тинтүү менен келишкен.

21-майда "Белсат" студиясында тинтүү жүргөн: анда каналдын техникалык кызматкерлери кармалган. Студияда "Каждый из нас" ток-шоусуна даярдык көрүлүп жаткан.

18-февралда Минск шаарында сот "Белсат" каналынын журналисттери Катерина Андреева (Бахвалова) менен Дарья Чульцованы 15-ноябрдагы нааразылыкты Интернетте түз эфирде көрсөткөнү үчүн эки жылга соттогон. Алар коомдук тартипти одоно бузууга айыпталышкан.

XS
SM
MD
LG