Ссылки доступа

Өзбекстанда жаңы түзүлгөн партиянын активисти 14 үй-бүлө мүчөсү менен үйүнөн чыгарылды


24-июлда Өзбекстанда жаңы түзүлгөн "Адилеттүүлүк жана өнүгүү" партиясынын активисти Мухаммадамин Ирматов үй-бүлөсү менен 15 жылдан бери жашап келген Ташкенттеги үйүнөн мажбурлап чыгарылды.

60 жаштагы Ирматовдун айтымында, анын 14 кишиден турган үй-бүлөсү (өзү, аялы, эки уулу, эки келини, кызы, күйөө баласы жана алты небереси) сот чечими менен үйүнөн чыгарылган.

Ирматов бул окуяны өзүнүн саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырууда. Анын айтымында, аларды үйдөн чыгаруу тууралуу соттун чечими боюнча Ташкент шаардык сотуна апелляциялык арыз берилип, ал биринчи баскычтагы соттун чечимин күчүндө калтырган. Андан соң кассациялык арыз жазылганына карабастан, Мажбурлап аткартуу бюросу райондук соттун чечимин аткарууга киришкен.

Мурдараак Мухаммадамин Ирматов саясий ишмердүүлүгүнө байланыштуу Анжиян облусундагы туугандары басымга кабылганын билдирген. Социалдык түйүндөргө анын карындаштарынын бирине кысым көрсөтүлүп жатканы тартылган видео жарыяланган.

Хидирназар Аллакулов жетектеген "Адилеттүүлүк жана өнүгүү" партиясы президенттик шайлоого талапкер көрсөтүү үчүн бир нече жолу расмий каттоодон өтүүгө аракет кылган. Бирок Юстиция министрлиги партияны каттоого алуудан баш тартып келет.

Өзбекстанда президенттикке талапкерлерди шайлоого чейин алты ай мурда расмий каттоодон өткөн саясий партиялар гана көрсөтө алышат. Бүгүнкү күндө өлкөдө бийликчил беш гана саясий партия каттоодон өткөн.

Өзбекстанда президенттик шайлоо быйыл 24-октябрда өтөт. Азырынча өлкөнүн азыркы башчысы Шавкат Мирзиёев расмий түрдө талапкерлигин коёру жөнүндө эч нерсе айта элек. Өлкөдө калыптанып калган саясий салтка ылайык, адатта аракеттеги президенттин шайлоодогу "атаандаштары" бийликчил партиялардын лидерлери болушат.

XS
SM
MD
LG