"Азаттыктын" казак кызматы билдиргендей, компания жумушчулардын талаптарын орундатууга убада берген.
– Негизги талап – штатка алуу. Бул боюнча маселе бир айда чечилүүгө тийиш. Экинчи талап – айлык акысы көтөрүлө электердикин көтөрүү. 6-августка чейин бул маселени чечебиз деп айтышты. Ошондуктан бүгүн иш таштоого чыккан жокпуз, – деди 29-августта атын атабаган жумушчулардын бири.
28-июлда жалданма компаниянын кызматкерлери "Каражанбасмунай" компаниясынын штатына кабыл алууну, социалдык пакетти киргизүүнү жана айлык акыларды жогорулатууну талап кылып иш ташташкан.
Айдын башынан бери Мангистау облусундагы бир нече компаниянын жумушчулары иш таштаган. Алардын айрымдары талаптары аткарылгандан кийин ишке чыкса, башкаларынын иш таштоосу уланууда.