Ссылки доступа

Кытайда бийликти сындаган миллиардер 18 жылга соттолду 


Сунь Даву
Сунь Даву

Кытай Коммунисттер партиясын кескин сындап жүргөн миллиардер Сунь Даву 18 жылга түрмөгө кесилип, үч миллион юань айып пул төлөөгө милдеттендирилди.

Ал жоон топ элди мамлекеттик мекемелерге чабуул жасоого шыкактоого, мыйзамсыз бизнес жүргүзүүгө, мыйзамсыз жер басып алууга жана кастыкты козутууга айыпталган.

67 жаштагы Сунь – тогуз миңдей киши иштеген айыл чарба ишканасынын башчысы. Ал 2019-жылы 100 миллиондой чочконун өлүмүнө себеп болгон ооган чочко тумоосунун масштабын жашырганы үчүн кытай өкмөтүн ачык сындап чыккан.

Мындан соң ал мамлекеттик ферма менен жер талашына кириптер болгон. Reuters билдиргендей, анын кызматкерлери совхоздун имараттарынын биринин түрттүрүлүшүнө каршы чыгышып, полиция менен кагылышуу учурунда жаракат алышкан.

Кытай укук коргоочулары Сунь адам укуктарын колдогону үчүн жазага тартылганын айтышууда.

Сунь кадыр-барктуу кытай университеттеринде лекция окуп, кайрымдуулук иштери менен алектенген. Ал юрист-укук коргоочулардын соттук чыгымдарын жаап, бизнесмендин кызматкерлерине женилдик берген жеке ооруканалар менен мектептерди каржылап турган.

2020-жылы Кытайда кыймылсыз мүлк магнаты, блогер Жэнь Чжицян 18 жылга эркинен ажыратылган. Бээжин соту «Huayuan Real Estate Grouр» мамлекеттик курулуш компаниясынын мурдагы башчысын «коррупция, паракорчулук, мамлекеттин мүлкүн кымырып алуу, кызмат абалынан аша чабуу» беренелери боюнча боюнча күнөөлүү деп тапкан.

XS
SM
MD
LG