Ссылки доступа

Ашхабадда камактагы аткаминердин айдоочусу кыйноодон өлгөнү айтылууда


иллюстративдик сүрөт
иллюстративдик сүрөт

Ашхабад шаарынын Турак жай-коммуналдык чарбасынын камактагы башчысы Хакназар Курбановдун айдоочусу кыйноонун кесепетинен өлгөн болушу ыктымал. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматына чарбанын жооптуу кызматкерлеринин бири билдирди.

Анын айтымында, айдоочу күбө катары чакырылган, бир суткадан кийин туугандары анын сөөгүн моргдон алып кетишкен. Анын денеси көгала болуп, айрым манжалары кесилгени айтылууда.

Ашхабад шаарынын Турак жай-коммуналдык чарбасынын башчысынын камалганын жана анын айдоочусунун өлгөнүн биричилерден болуп «Түркмөнстан хроникасы» жазып чыккан.

Маалыматка караганда, Хакназар Курбанов 8-июлда ири көлөмдөгү бюджеттик акчаны уурдоо айыбы менен кармалган. Мындан эки күн өткөн соң анын айдоочусу суракка чакырылган.

XS
SM
MD
LG