Ссылки доступа

Италиялык дизайнердин эмгеги өзбек туусу менен гербине болгон урмат-сыйсыз мамиле деп табылды


Өзбекстандын Юстиция министрлиги италиялык дизайнер Стефано Риччинин колунан жаралган өзбек герби менен туусунун сүрөтү түшүрүлгөн бут кийим боюнча комментарий берди.

Расмий билдирүүдө "бул жагдай өлкөнүн мамлекеттик символдоруна, анын ичинде туу менен гербге карата сый-урматсыз мамиле экени" белгиленген.

Юстиция министрлиги "Мамлекеттик герб жөнүндө" мыйзамга ылайык, Өзбекстан гербинин сүрөтүн коммерциялык максатта колдонууга жол берилбей турганын, мамлекеттик символдорду кордоо мыйзам боюнча жазаланарын эскертти.

Министрликтин билдирүүсүнөн кийин Ташкентте жайгашкан Glamour бутиги өз сайтынан жана соцтармактардагы баракчаларынан дизайнер Стефано Риччинин коллекциясына байланыштуу маалыматты өчүрдү.

Буга чейин жергиликтүү басылмалар италиялык дизайнер Стефано Риччи Өзбекстан үчүн өлкөнүн туусу жана герби түшүрүлгөн бут кийимдер коллекциясын сунуштаганын жазышкан.

Өзбекстандын гербинин сүрөтү түшүрүлгөн ак түстөгү спорттук бут кийим 1695 доллар, көк түстөгүсү 2,5 миң доллар экени айтылган.

XS
SM
MD
LG