Ссылки доступа

Казакстанда бир суткада 8 миңден ашык кишиге коронавирус жугуп, 104 бейтап каза болду


Казакстанда бир сутканын ичинде COVID-19 жуктурган 7803 жана "коронавирустук пневмонияга" кабылган 275 жаңы учур катталып, 104 бейтап каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

1-августка карата жарыяланган расмий маалыматка ылайык, Казакстанда коронавирус жуктурганы лабораториялык жол менен аныкталгандардын жалпы саны 580 379 кишиге жетип, 5 957 бейтап каза болду.

Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги "коронавирустук пневмонияга" (коронавирустун белгилери бар, бирок анализи таза чыккандар) кабылгандардын жана андан көз жумгандардын статистикасын 2020-жылдын 1-августунан бери өзүнчө эсептей баштаган. Ага ылайык, бүгүнкү күнгө чейин 61 168 киши "пневмония" менен ооруп, 3724ү каза болду.

Учурда Казакстандын ооруканаларында 98 913 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен 1652 адамдын абалы оор болсо, 417 киши өтө оор абалда жатат.

1-августка карата вакцинанын биринчи компонентин 5,4 миллион, экинчисин 3,79 миллион казакстандык алды.

XS
SM
MD
LG