Ссылки доступа

Тажикстанда чек ара жаңжалында жабыркагандарга жардам берүү үчүн ачылган эсепке каражат түшкөн эмес


Тажикстандын Каржы министрлигинин имараты
Тажикстандын Каржы министрлигинин имараты

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан жабыркагандарга көмөктөшүү үчүн Тажикстандын өкмөтү ачкан банк эсебине эч кандай каражат түшкөн эмес. Бул тууралуу өлкөнүн Каржы министрлиги кабарлады.

2-августтагы басма сөз жыйынында мекеме башчысы Файзиддин Каххорзода банк эсеби ачылары менен министрлик жабыркагандарга жардам берүү өтүнүчү менен эл аралык кайрымдуулук уюмдарына кайрылганын билдирди. Ошол эле маалда министр азыр ал банк эсебинде канча каражат бар экени боюнча суроого так жооп бере алган жок. Анын орун басары Жамшед Каримзода эсепке эл аралык уюмдар менен жарандардан эч кандай сумма түшпөгөнүн айтты.

Министр бирок тажик өкмөтү чек ара жаңжалында жабыркаган жарандарга каржылык жардам берип, талкаланган үйлөр кайра курулганын кошумчалады.

Быйыл 5-майда "Фейсбук" социалдык түйүнүндөгү бир нече тайпанын активисттери атайын банк эсеби ачылганын, ага чек ара жаңжалында жабыркаган тажикстандыктарга жардам берүүнү каалагандар акча которсо болорун жазышкан.

Эртеси Тажикстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) Каржы министрлигинин расмий банк эсебин жарыялап, элди соцтүйүндөрдөгү шектүү эсептерге акча которбоого чакырган. 11-майда өлкөнүн Улуттук банкы да ушундай эле билдирүү таратып, жарандарды Каржы министрлигинин эсебине гана акча которууга чакырган.

Көп өтпөй соцтүйүндөгү активисттер акча чогултууну токтотушканын, ага чейин чогулган 10 миң сомониден ашык каражат кайра ээлерине кайтарылып берилгенин билдиришкен. Мындан улам социалдык түйүн колдонуучуларынын көбү алар өкмөттүк эсепке которгон акча өз дарегине жетеринен күмөн санап жатышканын жазышкан. Алардын бири бийлик пандемия учурунда да коронавируска каршы күрөшүү үчүн банк эсебинен ачканын, бирок ага канча каражат топтолуп, кандай иш-чараларга жумшалганы боюнча эч кандай маалымат берилбегенин белгилеген.

28-29-30-апрелдеги жана 1-майдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болуп, 180ден ашуун адам жаракат алган. Мындан тышкары 100дөн ашык турак жай, имараттар талкаланып, өрттөлгөн.

Тажик тарап 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганын кабарлаган.

XS
SM
MD
LG