Ссылки доступа

Токиодо мекенине кайтуудан баш тарткан беларус спортчусу "коопсуз жерге" жайгаштырылды


Эл аралык Олимпиада комитети (ЭОК) менен Токиодогу Олимп оюндарын уюштуруу комитетинин өкүлдөрү мекенине кайтуудан баш тартып жаткан беларус спортчусу Кристина Тимановская менен жолугушту. Бул тууралуу ТАСС маалымат агенттиги ЭОКтун басма сөз кызматына шилтеме кылып кабарлады.

Эл аралык Олимпиада комитетинын 2-августка караган түнү жарыяланган билдирүүсүндө Тимановская коопсуз жайда экени, комитеттин өкүлдөрү жана Жапониянын расмий адамдары аны менен түздөн-түз сүйлөшүшкөнү, маектешүү эртең менен да улана турганы жазылган.

ЭОК өкүлү Марк Адамстын айтымында, беларус спортчусу бийликтин кайтаруусунда аэропорттун мейманканасында түнөдү.

24 жаштагы жөө күлүк Тимановская Олимп оюндарында 100 жана 200 метрлик жарышка катышуу үчүн Токиого келген. Ал бир нече күн мурун "Инстаграмдагы" баракчасынан беларустун спорттук аткаминерлери анын макулдугусуз 400 метрлик эстафетага катыштырууну чечишкенин айтып, сынга алган.

Мындан соң 1-августта эртең менен беларус бийлиги спортчуну шашылыш түрдө Токиодон чыгарып кетүүгө аракет кылып, Ханэда аэропортуна алып келген. Аэропорттон Тимановская бийлик күч менен өлкөсүнө кайтарууга аракет кылып жатканын айтып, учакка отуруудан баш тарткан.

Ал Эл аралык Олимпиада комитетине видео кайрылуу жолдоп "Бийлик мага басым кылып, менин макулдугумсуз күч менен алып кеткени жатышат" деп билдирген. Мындан соң Эл аралык Олимпиада комитетинин өкүлдөрү спортчуга жолугуп, аны колдоорун жарыялаган.

Оппозициячыл спортчуларды колдогон "Беларус спорттук тилектештик фонду" Кристина Тимановская Германия же Австриядан саясий башпаанек суроого ниеттенип жатканын кабарлады.

Ал ортодо Польша менен Чехиянын бийлиги беларус спортчусуна башпаанек берүүгө даяр экенин билдиришти.

Видео

Видео

Кайык менен каттаган айыл
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:35:18 0:00
XS
SM
MD
LG