Соттолуучулардын бири Марат Курбанов адвокаттан баш тартарын, онлайн сот конституциялык укугун чектерин билдирип, соттон ишти офлайн кароону сурады. Судья карантин талаптарына шайкеш иш онлайн караларын, адвокаттан баш тартуу үчүн жазуу түрүндө арыз калтыруу керектинин айтты.
Судья сот жараянын видеого тартууга тыюу салып, ошол эле маалда аудиожазууга жана сүрөт тартууга уруксат берди.
Бул иш боюнча сот жараяны 27-июлда башталган. 13 активист бийликти ачык сындап, ар кыл нааразылык акцияларына катышып жүргөн. Алардын көбү өлкөдө тыюу салынган “Казакстандын демократиялык тандоосу” жана “Көчө партиясы” кыймылдарынын ишине катышууга айыпталууда.