Ссылки доступа

Тажикстанда өзүн антикоррупциялык кызматкер катары тааныштырып акча топтогон киши кармалды


Согди облусундагы Истаравшан шаарынын 34 жаштагы тургуну алдамчылык шеги менен кармалды, анын иши сотко өттү.

Расмий маалыматка караганда, Хусрав Бобозода өзүн Коррупцияга каршы күрөшүү агенттигинин кызматкери катары тааныштырып, жашоочулардан алардын “маселелерин чечүү үчүн” акча алып турган. Жалпысынан ал 300 миң сомони же 26 миң доллар чогулткан.

Коррупцияга каршы күрөшүү жана каржы көзөмөлү агенттигинин Согди облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Шараф Аваззода аларда мындай кызматкер жок экенин кабарлады.

Шектүүгө карата “Алдамчылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

XS
SM
MD
LG