Ссылки доступа

Бухарада Абдулла-хан медресесинин бир бөлүгү урап түштү


Бухара облусунун администрациясы 30-июлда Абдулла-хан медресесинин бир бөлүгү урап түшкөнүн тастыктады.

Жергиликтүү бийлик бул окуяны иликтөө үчүн Маданий мурастар агенттигинин аймактык бөлүгү, Бухара акимчилиги, реставраторлор жан адистерден турган атайын комиссия түзүлгөнүн билдирди.

Облус акимчилиги тиешелүү долбоордун негизинде Абдулла-хан медресесинин урап түшкөн бөлүгүн калыбына келтирүү иштери башталганын кошумчалады.

Прокутарура Бухарадагы эски имараттын урашын иликтейт.

Буга чейин искусство таануучулар ЮНЕСКОнун тимзесине кирген эски имараттарды оңдоо учурунда “евроремонт” ыкмасы колдонулуп жатканына тынчсызданууларын билдиришкен.

Абдулла-хан медресесин 1588-90-жылдары бухаралык Абдулла-хан II салдырган.

Маалыматка караганда, медресе 1997-жылы Бухаранын 2500 жылдыга карата ремонттолгон.

XS
SM
MD
LG