Бир күн мурун каржы министринин биринчи орун басары Жамшед Каримзода банк эсебине акча түшпөгөнүн маалымдаган.
Мындан соң журналист "Фейсбуктагы" "Ахбор барои афкор" тобунун модератору Ражаби Мирзо каржы министрлигинин эсебине 10 миң сомони (855 доллар) которгонун айткан. Ражаби Мирзо жана ондогон башка адамдар банк эсебиндеги акча кайда кеткенин сурашкан.
Кийинки күнү министрликтин басма сөз кызматы эл аралык каржы уюмдары эч кандай акча которушпаганын, элден жалпысынан 206 миң сомони түшкөнүн, акча тиешелүү багытка жумшалып жатканын кабарлады.