Ссылки доступа

АКШ муктаж өлкөлөргө миллиондогон доза вакцина жөнөтүүдө


Кошмо Штаттар ушул айдын аягында кирешеси төмөн 100 өлкөгө коронавируска каршы Pfizer/BioNTech вакцинасынын 500 миллион дозасын жеткирүүнү баштайт. Бул тууралуу АКШ президенти Жо Байден билдирди.

Байден АКШ 65 өлкөгө 110 миллион доза вакцина бергенин жана Бириккен Улуттар Уюмундагы 24 өлкөнүн ичинен эң көп кайрымдуулук көрсөткөнүн айтты.

Байден Кошмо Штаттар жайы менен ондогон миллион доза вакцинаны берүүнү улантарын, буга жооп иретинде АКШ эч нерсе күтпөй турганын айтты.

“Бул жерде эч кандай фаворитизм жана эч кандай шарт жок. Биз муну адам өмүрүн сактап калуу үчүн жасап жатабыз”,– деди Байден.

АКШдан вакцина алган 65 өлкөнүн арасында Ооганстан (3,3 миллион доза); Пакистан (5,5 миллион); Өзбекстан (3 миллион); Украина (2 миллион) бар. Кошмо Штаттар вакцинаны негизинен COVAX программасынын алкагында жөнөтүүдө.

XS
SM
MD
LG