Шаршембиде коронавирус жуктургандар дагы 8 миңге көбөйгөнү белгилүү болду. 7519 кишинин коронавирус тести оң чыккан, 471 адамга коронавирус пневмониясы диагнозу коюлган.
Ушул тапта дарыланып жаткан бейтаптардын саны 103 986 кишини түздү. 1786 бейтап оор абалда, 412 бейтап өтө оор абалда, 209 бейтап жасалма дем алдыруучу аппаратта жатат.
Коронавирустун жайылышы боюнча Түркстан гана “жашыл” зонада. Калган аймактар “кызыл” жана “кочкул кызыл” аймакта турат. 4-августка карата вакцинанын биринчи дозасын 5,53 миллион, экинчи компонентин 4,04 миллион казакстандык алды.