Ссылки доступа

БУУнун атайын баяндамачысы Өзбекстанга келет


Ахмед Шахид

БУУнун дин жана ишеним маселелери боюнча атайын баяндамачысы Ахмед Шахид быйыл сентябрда Өзбекстанга келүүнү пландоодо. Бул тууралуу АКШнын Өзбекстандагы элчиси Жавлон Вахабов менен Ахмед Шахиддин жолугушуусунун жыйынтыгында белгилүү болду.

Жергиликтүү агенттиктердин маалыматына караганда, Шахид техникалык көмөктөшүү программасын ишке киргизүү максатында келет.

Атайын баяндамачынын сапарынын алкагында мамлекеттик органдарга, жарандык коом жана диний уюмдарга семинарлар жана тренингдер өткөрүлөт.

Ошол эле маалда сапар учурунда адам укуктарынын индикаторлоруна негизделген улуттук системаны иштеп чыгууда кеп-кеңештер айтылат.

Видео

Видео

Бир класста 40 окуучу. Жаңы конуштардын мектеп көгөйү
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:08:22 0:00
XS
SM
MD
LG