Ссылки доступа

Минскте оппозиция лидерлери Мария Колесникова менен Максим Знактын соту башталды


Минскте беларус оппозициясынын Координациялык кеңешинин президиумунун мүчөлөрүнүн соту башталды. Жыйын жабык режимде өтөт.

Колесникова менен Знак мамлекеттик бийликти мыйзамсыз жол менен тартып алуу максатында улуттук коопсуздукка коркунуч жараткан аракеттерге чакырууга жана экстремисттик уюмдарды түзүүгө айыпталышууда.

Колесникова менен Знак Александр Лукашенконун былтыр шайлоодогу жеңишине каршы өткөн көчө жүрүштөрүндө маанилүү роль ойношкон. Колесникова Светлана Тихановская, Вероника Цепкало сыяктуу эле нааразылыктардын эң белгилүү жүзүнө айланган.

Былтыр 9-сентябрда Тергөө комитети оппозициялык Координациялык кеңештин президиум мүчөлөрү Мария Колесникова менен Максим Знак, ошондой эле адвокат Илья Салей «улуттук коопсуздукка коркунуч келтиргени» үчүн кармалганын билдирген.

XS
SM
MD
LG